Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Италиянын "Перуджа" футболдук клубунун жаштар курамасында ойноого чакыруу алды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.
"Бир аз кубанычымды бөлүшкүм келди. Уулум Эмир-Ханга Италиянын "Перуджа" командасына ойноого расмий чакыруу келди. "Перуджа" командасы Италия чемпиондугунун «Б» сериясында ойнойт. Ушул убакытка чейин 2 жыл Ассиси шаарында Паоло Россинин футболдук академиясында окуду.
Эмир-Хан өзү 15 жашта. Бирок ал U16-U17 командасына ойноого чакыруу алды. Бул жаңылыктын маанилүүлүгү бул кыргыз тарыхында биринчи кыргыз футболчу Италиянын расмий чемпиондугунда ойной баштаганында. Буюруса, 17-18 жашка чыккыча "А" сериясында ойноп калат деп үмүт кылабыз. Кыргыз элимди дүйнөгө таанытуу үчүн бүт күч аракетибизди жумшайбыз", - деп жазып калтырган Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, "Перуджа" футболдук клубу 1905-жылы түзүлгөн. Бул команда 1978-1979-жылкы сезондо Италиянын жогорку лигасында (А Сериясы) бир да оюнда жеңилген эмес. Бул жетишкендикти аталган өлкөнүн белгилүү клубдары "Милан" жана "Ювентус" командалары гана кайталай алган.