Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири көлөмдө баңгизатын сатуу боюнча операциясын ийгиликтүү жүргүздү

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ири көлөмдө героин баңги затын сатуу жолун аныкташты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири көлөмдө героин баңги затын сатуу жолун аныктоого жана ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү.

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсү кармалды. Андан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 47 граммды түзгөн героин алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын аты-жөнүн аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан