Бүгүн, 22-майда коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Анда аталган мыйзам долбоорун колдоп чыккандар да, каршы болгондор да болду.
Юстиция министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү Айнура Осмоналиева мыйзам долбоору министрликке жаңы ыйгарым укуктарды берерин, ага ылайык кошумча штаттык бирдиктер жана каражат талап кылынарын айтып, өзгөртүүгө каршы чыкты.
"Тилекмат-аке" фондунун өкүлү коммерциялык эмес жана мамлекеттик эмес уюмдар дайыма мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып барышын талап кыларын, бирок өздөрүнө келгенде каршы турарына токтолду.
Ал эми "Ракка каршы биргелешип күрөшүү" коомдук уюмунун өкүлү бардык коммерциялык эмес уюмдар Социалдык фондго жана Салык кызматына отчёт берүү боюнча мыйзам долбоору алардын укугун буза турганын айтты. Ал билдиргендей, бул коммерциялык эмес уюмдарга карата жасалган кошумча басым.
Коомдук ишмер Надира Нарматова болсо мыйзам долбоорундагы чараларды катаалдаштырып, "чет элдик агент" түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады.