Президент менен Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору түзүлгөн кырдаалда ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча чараларды талкуулашты

Бүгүн, 22-майда президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин астындагы өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү, түзүлгөн кырдаалда ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жана посткризистик мезгилде бизнестин ролу талкууланды.

Мамлекет башчы бардык мамлекеттик стратегиялык документтерде негизги багыттар катары ишкерликти колдоо жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Ишкердик жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен кошо бир катар системдүү көйгөйлөр болуп жатканын кошумчалады.

Президент буга байланыштуу мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалогду күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

Аскар Сыдыков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет иштеген мезгилде бир катар оң натыйжалар болгонун айтты. Өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынгандыгын, жеңил өнөр жайы үчүн жеңилдиктер түзүлгөнүн, жакын арада укук коргоо органдарынын ишкерлерге кошумча төлөмдөрдү салууга түрткү берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылаарын жана башка иштер жасалганын билдирди.

Бир жылга жетпеген убакта экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү жана ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жалпы жонунан 152 сунуш иштелип чыккандыгын айтты.

Аскар Сыдыков ошондой эле Башкы прокуратуранын түзүмүндө ишкерлер менен иштөө боюнча атайын бөлүмдү түзүү бизнес өкүлдөрүнөн жакшы пикирлерге ээ болгонун билдирди.

Ошону менен бирге комитеттин бир катар чечимдери азыркыга чейин толук көлөмдө аткарыла электигин кошумчалады.

Буга байланыштуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору экономиканы жөнгө салууда реформаларды ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө пикирин айтты.

Ошондой эле Аскар Сыдыков түзүлгөн кризистик кырдаалга карабастан, ата мекендик экономикада айыл чарба, энергетика, тоо-кен өнөр жайы жана башка чөйрөлөргө инвестиция тартуу боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан