Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилик кызматындагы адамдарга карата кылмыш иши ачылды

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилик кызматындагы адамдарга карата тергөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кылмыш ишинин алкагында "Айтел" ЖЧКсынын лицензиясын мыйзамсыз узартканы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганы маалымдалат.

Иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен катталган.

Учурда коррупциялык иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелип жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан