Бүгүн, 24-майда Бишкекте эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 киши жаракат алышты. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык эртең менен саат 08:30 чамасында Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"Лексус жана Опел үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 5 киши ар кандай жаракаттарды алышты. Алар "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деди маалымат кызматынын өкүлү.