Тик учак кырсыгынан каза болгон баскетболчу Коби Брайанттын аялы 200 миллион доллар алат

Тик учак кырсыгынан каза болгон атактуу америкалык баскетболчу Коби Брайанттын аялы Ванесса Брайант баскетболчунун "BodyArmor" аттуу спорттук суусундук чыгарган компаниясынын үлүшүнөн 200 миллион доллар алат. Бул тууралуу аталган спорттук суусундуктун ээси, баскетболчунун жакын досу Майк Реполе билдирген.

"Мен жакын досумдан айрылдым. Коби Брайанттын манжа издери бүтүндөй BodyArmor брендинде бар. Ал бизге 2012-жылы кошулуп, бийиктиктерге жетүүгө чоң жардамын берди", - деген Реполе.

Реполе "BodyArmor" компаниясын 2018-жылы 2 миллиард долларга саткан. Компания сатылганда Брайанттын үлүшү 200 миллион долларды түзгөн жана бул сумманы анын аялы Ванесса алат.

27-январда баскетбол жылдызы Коби Брайант 13 жаштагы кызы Жианна менен чогуу тик учак кырсыгынан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан