UFC уюму 31-майда өтүүчү кезектеги турнирине катыша турган мушкерлердин толук курамын жарыялады. Анда белгилүү мушкер Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко америкалык 31 жаштагы мушкер Кэтлин Чукагянга каршы беттешет.
Бул турнирде негизги беттеши америкалык 38 жаштагы мушкер Тайрон Вудли менен бразилиялык 33 жаштагы мушкер Гилберт Бёрнстин ортосунда болмокчу.
Эске салсак, 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринде Валентина Шевченко Кэтлин Чукагянды беттештин үчүнчү бөлүгүндө нокаутка учуратып, чемпиондук курун коргоп калган.