Өзбекстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Сузак районунда сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 18:46да катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жар-Кыштак, Сузак айылдарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.