Конор Макгрегор: "Андерсон Силва UFC уюмунун тарыхындагы эң мыкты мушкер. Мен экинчи орундамын"

Ирландиялык атактуу UFC мушкери Конор Макгрегор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында UFC уюмунун тарыхындагы эң мыкты төрт мушкерди атап, анын ичине өзүн дагы кошту.

"Андерсон Силва UFC тарыхындагы эң мыкты мушкер. Мен экинчи орундамын. Бирок мен дагы эле активдүү мушкермин. Карьерам аяктагыча анын ордун алам жана бул мен үчүн оңой эле. Үчүнчү орунда Жорж Сен-Пьер. Ал эми Жон Жонс төртүнчү орунда", - деп жазган Конор Макгрегор.

Конор Макгрегор өзүнүн акыркы беттешин 19-январда UFC 246 турниринин алкагында америкалык мушкер Дональд Серронеге каршы өткөргөн. Анда Макгрегор 40 секундда атаандашын нокаутка учуратып, жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
toktor89
2020-05-25 21:56:28
1де Хабиб!
+1
Krai
2020-05-25 22:14:35
Кысталак, бунун дагы дабдырап сүйлөп койчу адаты бар экен
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан