Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган чаралар жөнүндө маселе каралат

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган чаралар жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жасайт. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында мындан тышкары 3 маселе талкууланат. "Кара-Көл ГЭСи" ачык акционердик коомунун иши тууралуу, "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан