Эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу да издөөгө алынган Райкүл Жапарова Польша Республикасынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүл Жапарова издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Жапарованы Кыргыз өлкөсүнө экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.
Райкүл Жапарова Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде "адалдоо", "алдамчылык", "коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.
Саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкен.