Ысык-Атада азык-түлүк саткан дүкөн күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-майда саат 14:16да Чүйдүн Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын Ильин көчөсүндө жалпы аянты 200 чарчы метр болгон азык-түлүк саткан “Амина” дүкөнү толук күйүп кеткен.
Учурда өрттүн себеби такталууда.