Жалал-Абадда опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылды

Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү "Өткүр" каймана аты бар жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-март күнү Базар-Коргон районунун 1989-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылды. Арызда ушул жылдын январь айынан баштап жабырлануучу жаранды Ислам жана Өткүр аттуу балдар телефон аркылуу коркутушкан. Алар "саат 15:00гө чейин 15 миң сом акча таап келесиң, ал убакыттан кечиксең, эки эселеп көбөйүп кетет" деп опузалап коркуткан. Ал эми арыз ээси аталган акчаны алып барып бергенде, Өткүр аттуу жаран эртең кошумча дагы 50 миң сом акча алып келерин айткан.

"Үйүмдөгү буюмдарымды сатып отуруп, бардыгы болуп 270 миң сом акча бердим. Бирок ошого карабастан 20-март күнү дагы 25 миң сом бересиң деп опузулап акча талап кылып жатат. Ушул атуулдарга карата мыйзам чегинде чара көрүп бергиле", - деп кайрылган жабырлануучу.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам иликтөө иш-чаралары башталган.

Өткүр аттуу шектүү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну, мурда "бейбаштык", "мал уурулук" жана "опузалап талап кылуу" менен бир нече жолу соттолгон 26 жаштагы Ж. уулу М. аттуу жаран болгон. Ал уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, азыркы күндө дагы алардын идеялогиясын колдоп, Базар-Коргон районуна "положенец" болуп шайлангандыгы такталган. Ал эми Ислам аттуу бала Базар-Коргон районунун тургуну З.И. экендиги аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча кылмышка шектүү Ж. уулу М. өзүнүн жүргөн жерин жашырып, жашаган жерин өзгөртүп тергөөгө келбей, качып жүргөн. Май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде "Кочкор-Ата шаарында крим чөйрөдөгү авторитеттердин жыйыны болот жана ага тергөөдөн качып жүргөн шектүү да барып калышы мүмкүн" делген маалыматтар түшкөн.

Алынган маалымат боюнча, 22-май күнү Жалал-Абад ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Ноокен РИИБи жана Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кочкор-Ата шаарындагы Ош-Бишкек автожолунун боюнда жайгашкан ашканалардын биринде аталган жыйын учурунда Ж. уулу М. жана З.И. кармалган. Алар менен кошо ошол жыйынга келген ыкчам кызыкчылык жараткан 9 жаран кармалып, Жалал-Абад ОИИБине алып келинген.

Алар мурда соттолуп, учурда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катарында каттоодо турган Жалал-Абад облусунун тургундары. 1984-жылы туулган О.Э., 1964-жылы туулган А.Р., 1995-жылы туулган Х.С. жана алар менен кошо жүргөн 1987-жылы туулган С.Д., 1981-жылы туулган Ж.Э., 1993-жылы туулган М.Э., 1977-жылы туулган М.К., 1995-жылы туулган С.Д., 1996-жылы туулган О.К. аттуу тургундар болушкан.

22-май күнү шектүүлөр Ж. уулу М. жана З. И. Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок 24-май күнү шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, Жалал-Абад шаардык соту аларды үй камагына чыгарып жиберген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылып жатат.

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurbek11
2020-05-26 15:16:50
Бизге окшогон бей бечараларга эле кыйын болот экен. Акча талап кылса да камалбаса алар.
+3
Nurgiz86
2020-05-26 15:45:09
Эшек баштар соту дагы, кармалгандар дагы, азыркы учурда элге жардам бергендин оордуна. Бул Эшек баштардын кылганын кара.
+4
Mintip-menu-suybo
2020-05-26 17:11:45
Сакалын орттонгурлор...
+2
katerina.li
2020-05-26 18:01:30
Мен видеосун кордум. Акырын Келип машинага эшигин ачып мент озу отургузду го бандитти. Торго оттунуз,кириниз дегендей эле болуп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан