Чүйдүн Сокулук районунда 44 жаштагы жаран атасынын жансыз денесин темир челекке салып өрттөп жиберген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"20-май күнү саат 21:30 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси өз үйүндө жашырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ Сарбан айылындагы үйлөрдүн биринен күйгөн жансыз денени табышкан. Ал 73 жаштагы Т.В. аттуу жаран экенин аныкташкан.
Ал эми каза болгон жарандын 44 жаштагы баласы суракка алынганда, ал бир ай мурун атасы жүрөк оорусу кармап каза болгонун, мындан улам ал тийиштүү органдарга маалымат бербестен, челекке салып өрттөп салууну чечкенин айтып берген.
Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.