Жогорку Кеңештин тармактык комитети банктарды колдоого багытталган мыйзам долбоорун колдоду

26-майда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев 256 миллион сомду мамлекеттик резервге багыттоону сунуштады. Депутаттын пикири боюнча, ал каражат кайсыл секторго жумшаларын парламент чечүүгө тийиш. Бул сунушту депутат Акылбек Жапаров да колдоп, бүт акчанын баары мамлекеттик резервдер фондусуна түшүүгө тийиш деген пикирин билдирди. ”Биз жок дегенде 10 миллиард сомду коммерциялык банктардын айланма капиталына берели. Ошондо 4 пайыздан субсидиялайбыз. 250 миллион сомдон кайра Улуттук банкка берип коёбуз. Финансы министрлиги да, Улуттук банк да эч нерсе жоготпойт. Бирок экономика кошумча түрдө 10 миллиард сом алат”, - деди Акылбек Жапаров.

Мыйзам долбоору Дастан Бекешовдун сунушун эске алуу менен 2-окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан