Президент: "Мамлекет экспортко багытталган айыл чарба ишканаларына колдон келишинче көмөк көрсөтүүнү улантат"

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Москва районундагы чанактуу дан өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген "Дан Агропродукт" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишкананын чийки заттарды алып келүү жана даяр болгон продукцияларды жүктөп жөнөтүү үчүн темир жолго кирме жолдору да бар. Продукциянын чоң бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрү менен алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө экспортко кетет. Компаниянын даярдоочу базасы Талас облусунда жайгашкан.

"Дан Агропродукт" ЖЧКсы 100дөн ашык адамды жумуш орду менен камсыздайт. 2000ден ашык дыйкан чарбасы, фермерлер техникалык жана консультациялык колдоо алышып, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө катышат. Мындан сырткары продукциянын сапатына баа берүү боюнча өндүрүштүк лабораториясы бар.

Сооронбай Жээнбеков ишкананын кызматкерлери менен баарлашып, алардын ишмердүүлүгүнө оң баасын берди.

Кыргыз өлкөсү экологиялык таза өнүмдөрү менен айыл чарба тармагында өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу пайдалануу аркылуу татыктуу атаандаш боло аларын белгиледи.

"Кыргыз мамлекетинин айыл чарба продукциялары жаатында алдыңкы өлкөлөр менен атаандашуусунда бардык мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан, биз кайра иштетүү өнөр жайына чоң көңүл буруп жатабыз", - деди ал.

Мамлекет башчысы жер-жерлердеги ишкердикке, жалпысынан айыл чарба тармагына көмөк көрсөтүүнүн жана ушундай ишканаларды колдоо аркылуу өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрүү зарылдыгына мамлекеттик органдардын көңүлүн дагы бир жолу бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков жеңилдетилген каржылоонун каражаттары мындан ары дагы региондордогу ушул сыяктуу экспортко багытталган ишканаларды колдоого жумшаларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан