Парламент комитетинде аскер кызматкерлерине каралган чен азыкты кайрадан карап чыгуу сунушталды

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында аскер кызматчыларын жана аскер пенсионерлерин азык-түлүк чен азыгына акчалай компенсацияны жогорулатуу жана төлөө жаатында социалдык коргоо тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.

Аталган маселени кароону депутат Кожобек Рыспаев демилгелеген. Депутаттын айтымында, бир күндүк азык-түлүк чен азыгы үчүн 130-180 сомдун тегерегинде акча каралган. “Бирок бир күнгө бекитилген көлөмдөгү чен азык 4008 килокалорийге барабар болушу керек. Буга байланыштуу аскер, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин чен азыгы үчүн кошумча 114 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүү зарыл”, - деген Кожобек Рыспаев коңшу өлкөлөрдү чен азыктын көлөмү жогору экенин мисал кылды.

Талкуу учурунда депутат Чыныбай Турсунбеков чен азыктын көлөмүнө жана энергетикалык баалуулугуна тиешелүү маселеге токтолуп: “130 сомдук чен азык менен бир күнгө 4008 килокалорийди камсыздоого болобу?” - деген суроо салды.

Өкмөт өкүлү кошумча тамактануунун чен азыгы үчүн 114 миллион сомдук каражат бөлүү маселесин 2021-жылдын республикалык бюджетинин алкагында кароо зарылчылыгын белгиледи. Талкуу соңунда тармактык комитет маалыматты кабыл алып, өкмөткө маселени чечүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан