Жогорку Кеңеште Исхак Масалиевдин ордуна келген жаңы депутат Нургазы Айдаров ант берди

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Нургазы Айдаров ант берди.

Ал Исхак Масалиевдин ордуна келди. Айдаровго депутаттык мандат кечээ, 26-майда тапшырылган. "Өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга ант берем!" - деди Айдаров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы депутатка ийгиликтерди каалады.

21-майда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялаган. Ал коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп болуп жатканын айткан. Ошону менен катар эле ал парламентте, өкмөттө бардык депутаттарга бирдей мамиле болбой жатканын кошумчалаган.

Нургазы Айдаров "Кыргызстан" фракциясынан депутат Салайдин Айдаровдун бир тууганы болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан