Сокулуктагы Восточное көлүнө 20 жаштагы бала чөгүп кетти

Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылында жайгашкан Восточное көлүнө 20 жаштагы бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык болгон жерге 9 адамдан турган куткаруучу топ барган. Алар суудан баланын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшүүдө сак болуп, коопсуздук чараларын унутпоого, ошондой эле жашы жете элек балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан