КСДПнын мүчөлөрү Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, Мээрбек Мискенбаев партиядан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Турдукулов билдирди.
"Партиядагы түшүнбөстүктөр кечээ эле башталган эмес, күздөн бери топ-топ болуп бөлүнүп калганына баарыбыз күбө болдук. Атамбаевдин балдары жана башка кишилер саясий кеңеш менен макулдашпай кайрылууларды жасап, иш-чараларды өткөрүп келген. Акыркы жолу өзүнчө партия түзүп алганы табышмактуу, түшүнүксүз болду. Алардын өз алдынча чечим чыгарганын башка саясий кеңештин мүчөлөрүн сыйлабагандык катары бааладым. Муну ачык айтсам, мага да карата каршы сөздөр айтылып кетти.
Жакында саясий кеңеш чогулуп, болгон дооматтарды айттым. Бирок ынандыра ала турган жооп уга алган жокмун. Саясий кеңештин мүчөлөрүнө Атамбаев дагы кайрылуу жасаптыр. Анда бирөөнү партиядан чыгарып, башкасын калтыргыла деген оюн билдирген эмес. Тескерисинче "шайлоого катышкыла, бириккиле" деп айткан. Абакта жаткан Канат Сагынбаев, Мээрбек Мискенбаев дагы кайрылуу жолдоп, Атамбаевдин балдары жеңил-желпи пиар менен алектенип жатышканын айтып кетишти.
Мирбек Айтикеев партияга Атамбаевдин балдары үчүн барбаганын, партия мурас катары атадан балага өтпөй турганын билдирди. Мен да бул партиядан чыгууга мажбур болдум. Себеби мындай карама-каршылык менен партияны алдыга сүрөп кетүү кыйын болот", - дейт Турдукулов.
Партиянын мүчөсү Темирлан Султанбеков Адил Турдукулов маалымат каражаттарына калп маалыматтарды айтып жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. "Саясий өлүк социал-демократтар эмес, Турдукулов саясий өлүк", - дейт Султанбеков.
Буга чейин Ирина Карамушкина Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Адил Турдукуловго кошулуп, Атамбаевди ачык колдобой калганын социалдык тармактагы баракчасына жазган. "Алар Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткандарын эске алып, биз “Кыргызстан социал-демократтары” деген ат менен жаңы партия түзүп, каттоодон өткөрдүк. Эми партиялык иштер Кодуранова, Жолдубаева, Турдукуловсуз өтөт", - деп жазган.
Атамбаевдин уулдары Сейитбек Атамбаев жана Кадырбек Атамбаев "Кыргызстан социал-демократтары" партиясы менен саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы белгилүү болгон.