XIII Эл аралык Ысык-Көл оюндарына кичи-футбол боюнча 76 команда катышат

4-сентябрда XIII Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын калыстарынын коллегиясы болду. Мамлекеттик  дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анда уюштуруу иштери тууралуу маалымат угулду. Аталган агенттиктин директору Мурат Саралинов мелдештердин жакшы деңгээлде өтүшү калыстардан көз каранды экендигин билдирди. Мелдештердин башкы калысы Канатбек Арпачиев билдиргендей, Ысык-Көл оюндарына Кыргызстандан, Казакстандан жана Орусиядан 2 миңден ашуун спортчулар катышат. “Кичи-футбол боюнча эң көп команда чогулган, алардын саны 76га жетти. Ошондой эле волейбол боюнча катышуучу командалар да көп”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан