Депутат Руслан Казакбаев эл аралык басылмаларда Кыргыз өлкөсүнүн имиджине сокку ура турган көп маалыматтар чыгып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Маалымат саясаты боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги координатор катары белгиленген экен. УКМК менен тыгыз иштешүү зарыл. Эл аралык маалымат каражаттарында Кыргыз өлкөсүнүн имиджине сокку ура турган көптөгөн терс маалыматтар чыгып жатат. Координатор катары көзөмөлдөп коюшуңуздар керек", - деди ал.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул маселе эске алына турганын айтты.