Депутат: "Өкмөттүн отчётундагыдай туристтер өлкөгө келе турган болсо, мамлекет өнүгүп кетмек"

"Өкмөттүн отчётундагыдай туристтер өлкөгө келе турган болсо, мамлекет өнүгүп кетмек" деп бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди.

"Өкмөттүн отчётунда 8 миллиондон ашык турист келген деп маалымат берген экенсиздер. Туура маалыматпы?" - деп сурады депутат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов анын бардыгы турист эмес, чет жерден келген жарандардын саны экенин айтты. "Ошонун 30-35 пайызы туристтер. 8 миллион чет элдик жаран чек араны басып өткөн деп жазганбыз", - деди министр.

Депутат: "Эмнеге турист келди деп жазгансыздар. Отчётту окуп койбойсуңар. Эгерде ошончо туристтер келсе, Кыргыз өлкөсү өнүгүп, жыргап калбайт беле. Сиз туризмди өнүктүрүү үчүн министр болуп келгенсиз. Туризм багыты боюнча алгылыктуу иштер болгон жок", - деди Мавлянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан