Президент Кыргыз өлкөсүнө ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнө ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок.

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеш президенттин каршы пикирин кабыл алды.

15-апрелде парламентте Кыргыз өлкөсүнө ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапкан. Анда мыйзам долбоорунун демилгечиси Экмат Байбакпаев мыйзам ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында иштелип чыкканын айткан. "Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө ун чыгаруу үчүн Кыргыз өлкөсүнө ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салып, мурункудай салыктык жеңилдиктерди калыбына келтирүү максат кылынууда", - деген Байбакпаев. Мыйзам долбоорунда буудайга кошумча нарк салыгын 2025-жылдын 1-январынан тарта алып салуу сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан