КСДПнын жетекчилиги алмашты. Анвар Артыковго партиянын жетекчисинин милдетин аткаруу тапшырылды

Кечээ, 26-майда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда аталган партиянын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга партиянын саясий кеңешинин 24 мүчөсү катышты. "Анда партиянын ичинде түзүлгөн кырдаал талкууланып, эч кандай чечим кабыл алынган жок. КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан бул кызматтан баш тартып, Анвар Артыковго тапшырды. Төраганын орун басарлары Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева дагы саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотту. Бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калды. Ирина Карамушкина саясий кеңештен да, партиядан да чыкты. Назгүл Мамытова саясий кеңештен кетти, бирок партияда калды. Ал эми Мээрбек Мискенбаев, Адиль Турдукулов жана Мирбек Айтикеев саясий кеңештен, партиядан дагы чыгышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан