Бишкектин Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 7 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 27-май күнү саат 13:00 чамасында Аалы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Hyundai, Mitsubishi, Hyundai Sonata, Subaru Legacy, Honda Fit, Honda Stepwgn унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыгынын натыйжасында 3 жаран жабыркаганы айтылууда. Азыркы учурда бардык унаалар айып короосуна токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.