Депутат: "Доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы төмөндөсө да азык-түлүктөрдүн баасы ошол бойдон турат"

"Доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы төмөндөсө да азык-түлүктөрдүн баасы ошол бойдон турат" деп бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

"Доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы көтөрүлсө эле азык-түлүктөргө болгон баа көтөрүлөт дагы, алар кайра түшкөндө түшүрбөйбүз. Ундун баасы 1 миң 300 сом болчу. Кийин 1 миң 600 сомго көтөрүлүп ошол бойдон калып калды. Азыр доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы төмөндөдү, ундун баасы ошол бойдон турат. Ушуга көңүл буруп коюу керек", - дейт Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан