Жалал-Абадда 24 жаштагы жигит өзүн-өзү өрттөп салды

Жалал-Абад облусунда 24 жаштагы жигит өзүн-өзү өрттөп салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 01:30 чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде Базар-Коргон районунун тургуну 1996-жылы туулган эркек бала А.Ж. өзүнө бензин куюп өрттөп жиберген.

Анын жанында болгон үйдүн ээси Сузак районунун 1970-жылы туулган тургуну И.С. да күйүп кеткен. Натыйжада денесинен күйүк алган 2 жаран Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми окуя Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо” болуп катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми алган жараатынан улам А.Ж. өзүнө келбей каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samarbek.88
2020-05-28 16:06:24
аллах сабыр берсин. өзүн өзү өлтүргөнгө кылмыш ишин козгоптур тообо
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан