Бүгүн, 28-майда президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өлкөбүздүн сырткы чегин ишенимдүү кайтарып, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылуу менен сиздер элибиздин урматтоосуна ээ болуп жатасыздар. Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында чек арачыларыбыз көптөгөн эрдиктерди жана каармандыктарды көрсөткөн. Жергебиздин кол тийбестигине жана калкыбыздын коопсуздугуна кепил болуп, Чек ара кызматы мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө.
Чек арачылар патриоттуулукка, ар намыска, берген антка негизделген ардагерлердин мыкты салттарын сактап, улантат деп ишенем. Сиздерге чың ден соолук, бекем кайрат, ийгиликтүү кызмат өтөөнү каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.