Коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов.
"Коррупция боюнча соттолгон жарандардын Жогорку Кеӊештин депутатына шайлоого катышуусуна тыюу салуу сунушталып жатат. Ошондой эле ошол берене боюнча соттолгондордун жакын туугандары өз талапкерлигин коё алышпайт.
"Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору мамлекеттик функцияларды аткарган кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик кызматтарда коррупцияга жол бербөө максатында иштелип чыккан", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.