Жалал-Абадда оор жаракат алып, каза болгон жарандын өлүмүнө шектүү болуп изделип жаткан адам кармалды

Жалал-Абад ШИИБи оор жаракаттан улам каза болгон жарандын өлүмүнө шектелген жаранга издөө салган. Шектүү бүгүн, 28-май күнү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-май күнү Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 1998-жылы туулган А.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин адам өлүмүнө алып келген окуя 8-марттан 9-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында болгондугу жазылган. Анда Сузак районунун 1991-жылы туулган И.С. аттуу тургуну кара түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунааны башкарган, кебетеси азиялык болгон 20-25 жаштагы жаран менен сөз талаша кеткен. Шектүү И.С.ны уруп, денесине залал келтирген. Натыйжада И.С. денесинен алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучу 10-март күнү ооруканадан эсине келбей жатып каза болгон. Ал эми шектүүгө издөө салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан