Тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев партиялаштарын өткөн кеп сөздү, ушак-айыңды унутуп, кайрадан биригүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп жаңы шайланган Анвар Артыковго жазган катында билдирген. Катты партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков интернеттеги жеке баракчасына жарыялады.
Катта Алмазбек Атамбаев Анвар Артыковду партияга жетекчи болушу менен куттуктап, ийгилик каалаган. Ошондой эле ал партия мүчөлөрүнө кайрылып, Артыковду колдоого жана аны менен бир катарда болууга чакырган.
"Партиянын жетекчилигин бекемдеп, катарыбызды принципиалдуу, энергиялуу, чечкиндүү адамдар менен толукташыбыз керек. Биздин командага бүлүк салгандардан арылуу зарыл. Өткөн-кеткендин баарын унутуп, баарыңарды биригүүгө чакырам. Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдана башташ керек. Баарыңарга бекем ден соолук жана ийгилик каалайм", - деп жазылат Атамбаевдин катында.
26-майда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Анда КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан бул кызматтан баш тартып, Анвар Артыковго тапшырган.
Төраганын орун басарлары Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева дагы саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтоткон, бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калган. Ирина Карамушкина саясий кеңештен да, партиядан да чыккан. Назгүл Мамытова саясий кеңештен кетип, бирок партияда калды. Ал эми Мээрбек Мискенбаев, Адиль Турдукулов жана Мирбек Айтикеев саясий кеңештен, партиядан дагы чыгышкан.
Партиянын тегерегиндеги чуу тууралуу бул шилтемеден окуңуз.