Бишкекте ЖЭБдин от жагуучу бөлмөсүнөн эркек киши кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкектин Свердлов районунда кечээ, 28-май күнү саат 09:20да Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан Бишкек шаардык ЖЭБдин от жагуучу бөлмөсүнөн 1990-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган жаранды бөлмөдөн чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда абалы жакшы.