Жалал-Абад облусунда 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылынын Касан-Сай суусуна 2005-жылы туулган өспүрүм түшүп кеткен.
Жерине ӨКМнын №73 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.