Жол киренин накталай эмес төлөмү. "Тулпар" картасын кайдан сатып алса жана толуктаса болот?

Бишкекте коомдук транспорт кайрадан жүрө баштады, аны менен бирге "Тулпар" картасынын жардамы менен жол кирени накталай эмес төлөө тутуму да ишин жандантты.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн транспорттук карталар Бишкек шаарындагы бардык O!Store дүкөндөрүндө жеткиликттүү. Картанын баасы 50 сом жана бир жолку акысыз жол кирени камтыйт.

«Тулпар» картасын «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу ыңгайлуу жана онлайн толуктап алса болот. Кантип?

  1. «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз жана ачыңыз;
  2. «О!Деньги» бөлүмүнө өтүңүз;
  3. «Тулпар» картасындагы QR-кодду сканерлеңиз;
  4. Толуктоо суммасын көрсөтүңүз жана төлөмдү жүргүзүңүз.

Комиссия толуктоо суммасына жараша 2 сомдон 10 сомго чейин түзөт.

Эске салсак, быйылкы жылдын март айынан тартып электрондук билет долбоору старт алган, анын алкагында Бишкек шаарынын коомдук муниципалдык транспортунда накталай эмес толөм ишке ашырылган. Эми жол жүрүү үчүн «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасын атайын эсептегичке коюу керек – жол кире автоматтык түрдө алынат.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары № 2021030817, № 3022030817.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан