Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматынан бошотуу тууралуу сунуштары түшкөн.
Конституциянын жана мыйзамдардын ченемдери боюнча мамлекет башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун административдик сотунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулат:
Муну менен катар судьялык кызматка тандоо алкагында жана жаш курактык чегине (65 жаш) чейин дайындоо мүмкүндүгү боюнча аталган судьялардын талапкерлиги президент тарабынан Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарылгандыгы маалымдалат.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.