Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 10:25те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жыланды, Красный-Маяк, Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4 жарым балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Көк-Жаңгак шаарында, Октябрь, Сузак айыл аймактарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dina
2020-05-30 15:56:12
Чүйдө танкы 5:27де 4 бал болду. Үнү катуу болду титирегенинен да, бир сыйра селт этип алдык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан