Жакында гана социалдык тармакка ырчы Байыш Момуновдун кайрылуусу чыккан. Анда Момунов Клара Алибекова экөөнүн артынан ушак чыгаргандар болуп жатканын билдирген.
"Азыркы учурда биз билбеген сайттар абдан көп. Билип-билбей адамдын жеке жашоосуна кийлигишип, ушак таратып жатышат. Бизден сурабай интервьюларды биз бергендей кылып чыгарышат. Албетте, ага карапайым эл ишенип алат. Эч качан ушакка ишенбеңиздер деп чакырып кетебиз. Оозуна алы жетпегендер негативдүү комментарийлерди жазышты, ага деле көңүл бурбайбыз.
Эң негизгиси, бизде баары жакшы. Эгер мен калп айтып жаткан болсом, Кларанын, уулум Байэлдин өз оозунан угуңуздар. Келинчегим Динарага ыраазымын, уулуңдан кабар алып тур деп көп айтат. Тагдырдын буйругунан качып кутула албайт экенбиз, Динарадан 5, Кларадан 1 балам бар. Жалпы 6 баланын атасымын. Байэл балам бир туугандары менен катышып турат, андыктан бизде баары жакшы", - деген билдирүү калтырган.
Ырчы Клара Алибекова окуя тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди.
"Байыш экөөбүздүн эки ажырымга кеткенибизге көп жыл болсо да айрымдар эски теманы козгогонун коюшпады. Балабыз Байэл 16 жашка чыкты, Байыштын өзүнүн үй-бүлөсү, бала-бакырасы бар, менин өзүмдүн жашоом бар дегендей. Бирок баягы эле экөөбүздүн басып өткөн турмушубузду кеп кылгандар токтобой койду.
Байэл атасын жакшы көрөт, мамилеси жакшы. Андыктан интернет баракчаларында биз тууралуу чыккан маалыматтарга ишенбей эле койгула демекмин элге. Ал эски өтүп кеткен барактар. Байыш видеону ким таратканын такыр таппай жатам дейт. Бирөөлөрдүн атын пайдаланып, аларды каралоого аракет кылгандарды такыр түшүнбөйм. Ошолорго да кайрылат элем, болду, биздин жашообузду тынч коюңуздар. Бизде, Кудайга шүгүр, баары жакшы", - дейт Клара Алибекова.