31-май күнү Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Такталган маалымат боюнча, Алтын-Ордо жаңы конушунун Ж.Акматов көчөсүндө жайгашкан №97 турак үйдөн чыккан өрт саат 14:02де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен эркек бала (аты-жөнү такталууда) күйүк жаракат алган. Өрт өчүрүүчүлөр жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.