Англиянын белгилүү футболдук клубдарынын бири болгон "Арсеналдын" конокто кийип ойноочу жаңы формасы көптөгөн футбол күйөрмандарынын реакциясын жаратты. Клубдун конокто кийип ойноочу формасы Footy Headlines сайтына жарыяланган.
"Бул форманы ким кийсе Тайсон Фьюри менен бир раунд мушташкандай болот", - деп жазып калтырган социалдык тармактын колдонуучусу.
Клубдун бул жаңы формасындагы сүрөт бургундия мрамору деп сүрөттөлөт. Ал эми форманын түсү ак. Көптөгөн футбол күйөрмандары форманын дизайнында бургундия мраморун эмес, кандын чачылышын көрүшүп, кээ бир күйөрмандар жаңы форманы бириктирген сүрөттөрүн социалдык тармактарга жайгаштырышты. Клубдун бул жаңы формасы июль айында сатыкка чыгат.
Учурда "Арсенал" клубу Англия Премьер-Лигасында (АПЛ) 40 упайы менен 9-орунда келе жатат. Башкы машыктыруучу Микель Артетанын кол алдына "Арсенал" клубу 17-июнда күчтүү делинген "Манчестер Сити" клубу менен конокто ойнойт.