Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасын атууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү катары Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 25 жаштагы К.у.Ж. аттуу жараны кармалган.
"Шектүү Базар-Коргон районунда жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Ал мурда соттолгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Буга чейин 26-май күнү болжол менен саат 23:20 чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБинин 102 кызматына кабар келип түшкөн. Анда ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын Манас кең көчөсүндө белгисиз ок атуучу курал менен 1977-жылы туулган А.С. аттуу адамды атып кетишкендиги кабарланган.