Укук коргоочу Камил Рузиев эки айга үй камагына чыгарылды

"Вентус" коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Камил Рузиев эки айга үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, 29-июлга чейин үй камагында болмокчу.

Буга чейин УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл облусунда "Вентус" коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Камил Рузиев кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси "жасалма документтер" жана 204-беренеси "алдамчылык" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан