Депутат Бекешев шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатат

Депутат Дастан Бекешев шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал бул апта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү сунушу карала турганын билдирди. Депутат бул сунушту жалпы парламенттин добушуна коюуну сунуштап жатканын жазды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан