Депутаттар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана бир катар атактуу адамдар президенттен Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууну өтүнүштү

Талас облусунун бир катар белгилүү инсандары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Анда алар саясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн жазышкан. Алар президенттен тышкары Сот жана укук коргоо органдарына да кайрылуусун багытташкан.

"Укук коргоо органдары белгилүү саясатчы Равшан Жээнбековду 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы учурунда Кылмыш кодексинин айрым беренелерин бузган кадамдарга барган деп эсептешүүдө. 14-декабрда Биринчи Май райондук соту аны 2 айга, тагыраагы 9-февралга чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тергөө амалдары жүрө берсин.

Биз, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө аздыр-көптүр салым кошкон инсандар укук коргоо органдарынын Равшан Жээнбековго карата бул иш-аракеттерин негизсиз деп эсептейбиз. Равшан Жээнбеков буга чейин укук коргоо органдарынын чакырууларын калтырбай барып, өз көрсөтмөлөрүн берип турган. Ал видеоматериалдар жана күбөлөр аркылуу өзүнүн кылмышка барбаганын, тескерисинче башкаруудан чыккан жаалданган топтор менен милициянын ортосунда көпүрө болуп, спецназдарды коргоп жүргөнүн, элди тынчтыкка чакырып, абалды жөнгө салууга болгон аракетин жасаганын далилдеп келген. Ал уюштуруучулук иш-аракеттеринин натыйжасында барымтада калган бир катар спецназдарды аман алып калган. Равшан Жээнбековдун мыйзамдын алкагынан чыкпаганы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө жана ачык булактардагы толгон-токой фото-видео-тасмалардан ачык көрүнүп турат. Биз Талас элинин инсандары, Равшан Жээнбековдун сот жана тергөө органдарынан качпай тургандыгына кепилдик беребиз. Себеби Равшан Жээнбековдо андай мүмкүнчүлүктөр көп эле болгон",
- деп жазылат маалыматта.

Кайрылуусунда алар Жээнбеков Кой-Таш окуясынан кийин чет мамлекеттерге жумуштары боюнча бир нече жолу барып, мекенине кайтып келгенин, качуу ниети жок экенин белгилешкен.

"Равшан Жээнбеков эч качан мыйзамдын алкагынан чыкпаган жана башкалардан да ошондой кадамдарды талап кылган саясатчы. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз чейрек кылымдык чайпалуудан соң өлкөнү оң жолго салып, мурда-кийин кетирилген кемчиликтерди жоюу жана калктын жашоо-шартын жакшыртуу ниетиңизди билдирип келесиз. Биз Талас элинин инсандары, Равшан Жээнбековду, анын 7-8-августтагы Кой-Таш окуясында каршылаш тараптардын ортосунда медиатор катары жасаган иш-аракеттерин эске алып үй камагына чыгарууну суранабыз", - деп кошумчаланып төмөнкү адамдардын тизмеси тиркелген.

1. Дөөлөтбек Шадыбеков, Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы;
2. Анарбек Сулайманов, Кыргызстан Аксакалдар кенешинин мүчөсү;
3. Минур Мамбеталиев, Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы;
4. Оморбай Нарбеков, академик;
5. Төлөбек Аманбаев, Социалисттик эмгектин баатыры;
6. Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
7. Асан Жуманов, 94 жашта, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Эл агартуунун отличниги;
8. Сыргак Сооронкулов, коомдук ишмер;
9. Алтай Бөрүбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын академиги;
10. Токтайым Уметалиева, саясатчы, укук коргоочу;
11. Өскөн Камчыбеков, 80 жашта, Эмгек ардагери;
12. Надырбек Алымбеков, Кыргыз эл акыны;
13. Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын мурунку мамлекеттик катчысы;
14. Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер, мурунку вице-премьер-министр;
15. Гүлсайра Момунова, Кыргыз эл акыны;
16. Өмүрбүбү Бегалиева, философ, поэтесса;
17. Анара Түлөбердиева, (Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин карындашы);
18. Улан Дүйшөналиев, “Элдик курултай” кыймылынын мүчөсү;
19. Айбек Бусурманкулов (Айбек мырза), жарандык активист;
20. Аманбол Бабакулов, коомдук активист, блогер;
21. Күнболот Момоконов, белгилүү блогер;
22. Анарбек Усупбаев, “Манас Ордо” жана “Кытай уруусу” коомдук фонддорунун төрагасы;
23. Орозалы Дөнөнбаев, легендарлуу парламенттин депутаты;
24. Темирбек Токтогазиев, “Манас жаңырыгы” ТРКнын башкы директору;
25. Кайыргүл Сартбаева, СССРдин эл артисти;
26. Роза Айтматова, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери;
27. Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын эл артисти, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри;
28. Зоотбек Кыдыралиев, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти;
29. Аскар Айтматов, дипломат, мамлекеттик ишмер;
30. Дарика Жалгасынова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы;
31. Эднан Карабаев, мурдагы мамлекеттик катчы жана тышкы иштер министри;
32. Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин депутаты;
33. Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты;
34. Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты;
35. Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаты;
36. Зарылбек Рысалиев, Жогорку Кеңештин депутаты;
37. Садык Шер-Нияз, Жогорку Кеңештин депутаты;
38. Гүлкан Молдобекова, Жогорку Кеңештин депутаты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан