Конор Макгрегор UFC уюмунун 2020-жылдагы эң көп маяна алган мушкери болуп табылды

Ирландиялык атактуу UFC мушкери Конор Макгрегор UFC уюмунун 2020-жылдагы эң көп маяна алган 100 мушкердин сап башына жайгашты. Бул тууралуу "Forbes" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акыркы 12 айдын ичинде ирландиялык мушкер жалпысынан 48 миллион доллар иштеп тапкан. Анын 32 миллион долларын беттештерге катышып тапса, калган 16 миллион доллар жарнама келишимдеринен келип түшкөн. Жалпысынан Макгрегор UFC уюмунун тарыхында эң көп маяна алган мушкерлердин ичинен 16-орунга жайгашты.

Макгрегор өзүнүн акыркы беттешин 19-январда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 246 турниринде америкалык мушкер Дональд Серронеге каршы өткөргөн. Анда Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаутка учураткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан