Футбол боюнча Казакстандын беш жолку чемпиону болгон "Иртыш" футболдук клубу каржы көйгөйлөрү жаралгандыктан, Казакстан чемпиондугунан четтетилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн футбол чемпиондугунун сайтына жарыяланды.
"Иртыш" футболдук клубунун жыйыны учурунда каржылык жана спорттук милдеттенмелерин аткара албагандыгына байланыштуу 2020-жылы Казакстан Республикасынын футбол боюнча OLIMPBET чемпиондугуна катышуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды", - деп жазылган билдирүүдө.
Жогоруда айтылган билдирүүнүн негизинде, "Иртыш" футболдук клубу OLIMPBETтен четтетилет. Ошол эле учурда бул клубдун катышуусунда болгон оюндардын бардыгы жокко чыгарылат.
"Иртыш" футболдук клубу 1993-2003-жылдар аралыгында беш жолу Казакстандын чемпиондугун жеңип алган жана 1998-жылы өлкөнүн кубогунун ээси болгон.