Парламент комитетинде Азия өнүктүрүү банкынын жардамы боюнча макулдашуу долбоорун колдоду

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыя жана берүү жөнүндөгү макулдашуу долбоору каралды.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, Азия өнүктүрүү банкы аталган макулдашуунун негизинде бюджетти колдоо багытында 20 миллион доллар берет. Анын 10 миллион доллары грант, калганы насыя. Кыргыз өлкөсү менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору тууралуу маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан