Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы, ошондой эле 2020-жылдын 31-май күнү чек аранын жанында болгон конфликттик кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзийоев мындан ары андай жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.
Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын өлкө башчылары эки өлкөнүн элдери илгертен бери эле ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкендиги боюнча орток пикирин билдиришти.
Эки мамлекеттин башчылары бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн өз ара ыраазычылыктарын айтышты.