Депутат: "Манас Арабаев Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьялыгына татыктуу талапкерлерди өткөрбөй койгон учурлар болгону айтылат"

"Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манас Арабаев Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьялыгына татыктуу талапкерлерди өткөрбөй койгон учурлар болгону айтылат", - деп бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Комитет жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына Жамил Шаршеналиевдин талапкерлиги каралды.

Жамил Шаршеналиев: "2015-жылы судьялыкка талапкер болгом. Анда Аламүдүн райондук сотунун судьяларынын жарым курамы орто жолдон биринчи турдан өздөрүнүн талапкерлигин чакыртып алышкан. Ошондо өйдө жактан ушундай туура эмес мамиле көрүлүп жатканын угуп калгам. Тогуз талапкерден үчөөбүз эле күрөшкөнбүз. Бирок кайра өкүнүп калганбыз. Арабаевге кирели десек кабыл албай койгон. Жыйынтыгында айтылган сөздөр чындык экенин көргөнбүз. Башка жагынан Арабаев менен таанышчылык жок, баа бере албайм".

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.

Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан